Эрдоган : "ДЕАШтын Афганстандан түп - тамырынан бери жок болушу үчүн жардам берүүнү улантабыз"

Президент Эрдоган ДЕАШ террордук уюмдун Афганстандан түп - тамырынан бери жок болушу үчүн Түркиянын колунан келген жардамды берерин айтты.

1320275
Эрдоган : "ДЕАШтын Афганстандан  түп  - тамырынан бери жок болушу үчүн жардам берүүнү улантабыз"

 Президент Эрдоган ДЕАШ террордук уюмдун Афганстандан түп - тамырынан бери жок болушу үчүн Түркиянын колунан келген жардамды берерин айтты. Эрдоган Стамбулда Долмабахче офисинде өткөн Азиянын жүрөгү Стамбул процессинин министрлер конференциясына катышты. Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Афганстан абдан жоптуу бир мезгилден өтүп жатат. Эл аралык коом катары Афганстанга 18 жылдан бери берген матераилдык жана руханий  инвестицияларды арттыруубуз керек»,- деди.

Эл аралык коомдун Афганстанга карата убадаларына баш ийип афган өкмөтүнүн да милдеттерин орундатуусунун маанилүү экендигин баса белгилеген Эрдоган афган өкмөтүнүн таштаган оң кадамдарын кубанычтуу кабыл алышкандарын айтты.

Түштүк Азияда болгон  абалдарды карап чыккан Эрдоган : «Түштүк Азия аймагынын жана жакын чөйрөсү бетме  - бет келген маселелердин үстүнөн чыгышы үчүн аймактык кызматташуу жана тилектештик шарт»,- деди.

«Түркия катары курулушунан бери Стамбул процессине ээ чыктык, чыгып жатабыз»,- деген Эрдоган : «Азиянын жүрөгү Стамбул процессинин тынчтыкка аймактык колдоонун берилиши тууралуу да абдан пайдалуу жана активдүү функцияны аткаргандыгына ишенем»,- деди.

Эрдоган ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүүгө байланыштуу : «Бул уюмдун Афганстандан түп тамырынан бери жок болушу үчүн колубуздан келген жардамды беребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар