Акар: «Ливия менен кол коюлган меморандумдар берки өлкөлөргө коркунуч жаратпайт»

Түркия менен Ливия меморандумдарга кол коюшкан болчу.

1319888
Акар: «Ливия менен кол коюлган меморандумдар берки өлкөлөргө коркунуч жаратпайт»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ливия менен кол коюлган меморандумдардын берки өлкөлөргө карата кандайдыр бир коркунуч эмес экенин белгиледи.

Хулуси Акар борбор калаа Анкарада Кургактык күчтөрүнүн операция борборуна барды.

Акар бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, Ливия менен кол коюлган «Коопсуздук жана аскердик кызматташтык боюнча макулдашуу меморандуму» менен «Деңиздеги ыйгарым укуктуу аянттарына  чек коюлушу боюнча меморундум» туурасында: «Бул эч качан берки өлкөлөргө карата кандайдыр бир коркунуч жаратпайт жана мыйзамдарына, укуктарына терс таасир тийгизбейт»,-деп айтты.

Меморундумдардын талаптарын ишке ашырууну уланткандарын баса белгилеген Акар: «Америкалык шериктештерибиздин, орусиялык досторубуздун да жоопкерчиликтерин орундатууларын күтөбүз. НАТО менен болгон карым-катнаштарыбызга олуттуу карайбыз, ошондой эле түрдө уюмдун да бизге карата жоопкерчиликтерин орундатууларын күтөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар