Өмер Челик:«Түркия НАТОнун эң алдыңкы күчтөрүнөн бири»

Өмер Челик, Англиянын борбор калаасы Лондондогу НАТО Саммити тууралуу социалдык медиа барагы Твиттерден маалымат бөлүштү.

1317758
Өмер Челик:«Түркия НАТОнун эң алдыңкы күчтөрүнөн бири»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, кайсы бир НАТО өлкөсүнүн бир террордук уюм менен күрөшүп жатканда башка бир террордук уюм менен кызматташуусунун жаңылыштыгынын бир гана Түркия тарабынан сөз кылынганын билдирди.

Өмер Челик, Англиянын борбор калаасы Лондондогу НАТО Саммити тууралуу социалдык медиа барагы Твиттерден маалымат бөлүштү.

Түркия НАТОнун эң алдыңкы күчтөрүнөн бири экенин эске салган Челик: «НАТОнун келечеги дүйнөнүн келечегине дагы түздөн-түз тиешелүү»,-деди.

НАТОнун алгач ирет ушунчалык көп талкууланганына көңүл бурган Өмер Челик: «Кайсы бир НАТО өлкөсүнүн бир террордук уюм менен күрөшүп жатканда башка бир террордук уюм менен кызматташуусунун жаңылыштыгы бир гана Түркия тарабынан сөз кылынууда»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган эске салган принциптердин НАТОнун туура түрдө келечекке бет алышы үчүн жол картасы болгонун баса белгилеген Челик: «НАТОнун принциптери кагаз жүзүндө калбастан, аянтта так көрүнгөн коргонуу уюму болушунун жолу; террор менен күрөшүү темасындагы күн тартибинин Түркиянын белгилеп кеткени сыяктуу жаңылануусу менен мүмкүн болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар