Түркия шериктештеринен эмнени күтөт?

Ибрахим Калын Твиттерден өз билдирүүсүн бөлүштү.

1317384
Түркия шериктештеринен эмнени күтөт?

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, биримдик жана тилектештиктин НАТОнун эки негизги түркүгү экенин белгилеп, Түркиянын шериктештеринен ПКК, ДЕАШ жана ФЕТӨ менен катар террордун ар түрдүүсүнө каршы так колдоо көрсөтүүсүн күткөнүн билдирди.

Калын Твиттер баракчасынан, Англияда өткөрүлгөн НАТОнун саммити тууралуу өз билдирүүсүн бөлүштү.

Ибрахим Калын: «Биримдик жана тилектештик НАТОнун эки негизги түркүгү болуп саналат. Түркиянын шериктештеринен күтүүсү ПКК, ДЕАШ жана ФЕТӨ менен катар террордун ар түрдүүсүнө каршы так колдоо көрсөтүүсү. Кишинин сөзүнө эмес кылган ишине кароо керек. Баардыгыбыздын коопсуздугу сакталышы зарыл» деди.



Тектеш кабарлар