Түркия болоору болду деген нерселерге уруксат бербей турганын эң ачык түрдө ортого салды

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, Түркия менен Ливиянын Улуттук макулдашуу Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган макулдашуу меморандуму боюнча Греция жана Египеттин билдирүүлөрү тууралуу суроого жооп берди.

1315731
Түркия болоору болду деген нерселерге уруксат бербей турганын эң ачык түрдө ортого салды

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, Ливия менен деңиздеги ыйгарым укуктар темасында кол коюлган макулдашуу меморандумунун, эки өлкөнүн болоору болду деген нерселерге уруксат бербей турганын Түркия эң ачык түрдө ортого салганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой, Түркия менен Ливиянын Улуттук макулдашуу Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган «Деңиздеги ыйгарым укуктуу аянттарына чек коюлушу боюнча макулдашуу меморандуму» тууралуу Греция жана Египеттин билдирүүлөрү тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Ливия менен кол коюлган келишим аркылуу Түркиянын Чыгыш жер Ортолук деңизде ыйгарым укуктуу аянттарынын батыштагы чек араларынын бир бөлүгүнүн белгиленгенин маалымдаган Аксой, мунун эл аралык эрежеге ылайыктуу кол коюлган келишим болгонун айтты.

Түркиянын бул келишимге кол коюудан мурда тараптарды адилеттиктин алкагында макулдашуу үчүн жолугушууларга чакырганын жана жолугушууларга даяр болгонун белгилеген Аксой: «Бирок Түркиянын эл аралык укукка таянган жана адилеттикти негиз кылып алган мамилесине карата жолугушууларды баштоонун ордуна болгону бир беткей кадамдарды таштап Түркияны күнөөлөө тандоосун кылышты.../.../ Ливия менен кол коюлган акыркы келишим менен эки өлкөнүн болоору болду деген нерселерге уруксат бербей турганы ачык түрдө ортого салынды»,-деп билдирди.


Этикеткалар: #Ливия , #Түркия

Тектеш кабарлар