Эрдоган Лайен менен сүйлөштү
Кечээ кызматын баштаган Лайендин талабы боюнча сүйлөшүү өткөрүлдү.
1315696
![Эрдоган Лайен менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f941/7304/1413/5de4aedc5beb7.jpg?time=1718940575)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Комиссиясынын жаңы төрайымы Урсула фон дер Лайен менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Кечээ кызматын баштаган Лайендин талабы боюнча сүйлөшүү өткөрүлдү.
Лайендин кызматындагы биринчи күнүндө өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк процесси, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы 18-март макулдашуусунун алкагында Түркиядагы сириялыктарга колдоо көрсөтүлүшү жана Түркия тарабынан Сириянын түндүгүндө түзүлгөн коопсуз аймакка сириялыктардын өз ыктыярлары менен кайтуулары темасында пикир алмашылды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718940575)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.