Өмер Челик : "Макрон өлкөсүнүн абалы менен беттешүүсү керек"

Өмер Челик Макрондун «Тынчтык булагы»  операциясын жүргүзгөн Түркиянын НАТО союздаштарынан  колдоо күтпөшү керектигине  карата сөздөрүнө твиттерден жооп берди.

1314393
Өмер Челик : "Макрон өлкөсүнүн абалы менен беттешүүсү керек"

Адилетик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Макрон колониячыл кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн мыйзамды укпастан Африканын бардык жеринде операция жүргүзгөн өлкөсүнүн абалы менен беттешүүсү керектигин белгиледи.

Челик Макрондун ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмга каршы Сириянын түндүгүндө «Тынчтык булагы»  операциясын жүргүзгөн Түркиянын НАТО союздаштарынан  колдоо күтпөшү керектигине  карата сөздөрү тууралуу соцтармак твиттерден жооп берди.

Макрондун Түркиянын Сириянын түндүгүндө террор мамлекетинин курулушуна тоскоол болгон операциялардан  эң көп тынчсызданган  киши экендигин белгилеген Челик террордук уюмдун алдыңкыларын  эң көп коноктогон кишинин да Макрон экендигин айтты. Челик : «Макрондун Сирия тууралуу айткандарынын баары  Франциянын Сириядагы колониячыл өтмүшүн  кооз сүйлөмдөр менен жашатууну каалагандыгынан  улам келип чыгууда. Ошондуктан ишти террорду колдоого чейин алып барууда. «Тынчтык булагы» операциясын жүргүзгөн  Түркия НАТОдон  жардам күтө албайт деген Макронго  айтылышы керек болгон сөздөр бар. Франциянын НАТОго  эмне салым кошкондугу тууралуу көптөгөн сындар бар.  Бирок Түркиясыз  НАТОнун болбой тургандыгы  тууралуу баары бирдей пикирде»,- деди.  

Челик : «Түркиянын террор менен күрөшүн сынга алгандардын Түркия үчүн эч бир мааниси жок. Террор менен күрөшүбүздү  сынга алгандар Европанын  мээ өлүмүнүн болушун каалагандар. Аларга демократиялык баалуулуктарды  сактоо керектигин дайыма эскертебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар