Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Түркия Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин кечээки жыйналышынан кийин билдирүү жарыяланды.

1313314
Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Улуттук коопсуздук кеңеши Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясынын максатына жеткенге дейре улантыла турганын жарыялады.

Улуттук коопсуздук кеңешинин кечээки жыйналышынан кийин жарыяланган билдирүүдө, улуттук биримдик жана ынтымак менен Түркиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган ПКК/ПЙД-ЙПГ, ФЕТӨ жана ДЕАШ баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы өлкө ичинде жана тышында чечкиндүүлүк менен улантылган күрөш туурасында кеңешке маалымат берилгени жана ийгиликтүү ишке ашып жаткан операциялардын кеңири түрдө талкууланганы баса белгиленди.

«Тынчтык булагы» операциясынын ар тараптуу каралып чыкканы белгиленген билдирүүдө, «Аймакта тынчтык жана ыраттуулук чөйрөсүнүн түзүлүү процессине салым кошкон операциянын максатына жеткенге дейре улантыла турганы жана жарандардын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү чаранын көрүлүп жатканы баса белгиленди»,делди.

Кипр жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз темаларына да орун берилген билдирүүдө, «Кипр жана Чыгыш Жер Ортолук деңизден баштап ушул убактын ичинде келип чыккан аймактык жана глобалдык маселелер каралды, ишке ашырлган тышкы байланыштар туурасында кеңешке маалымат берилди»,деген баа берүү жасалды.

Айрыкча 1915-жылдагы окуялар орун алган билдирүүдө, «1915-жылдагы окуялар туурасында тарыхый жана укуктук негизи болбогон жана жалган айтымдарды негиз кылып алган чечим чыгаруулар катуу айыпталып, чындыктарды ачыкка чыгаруунун убагы келгени эл аралык коомчулуктун көңүл буруусуна сунушталды»,делди.



Тектеш кабарлар