Президент Эрдоган İSEDAK жыйынынын ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү

Эрдоган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасын сынга алды.

1313538
Президент Эрдоган İSEDAK жыйынынын ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасын сынга алды.

Стамбулдагы конгресс борборунда уюштурулган 35- İSEDAK (Ислам кызматташтык уюмунун экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитети) жыйынынын ачылыш отурумундагы сөз сүйлөөсүндө: «Болуп жаткан маселелерге чечүүчү жол таба албаган Бириккен Улуттар Уюму адам баласынын көйгөйлөрүн чече албайт»,-деген президент: «БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, туруктуу мүчөлөрдөн сөз кылып жатам, бешөөнүн арасында бир дагы мусулман өлкө жок. Экинчи Дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн бул адилетсиз системанын улантылышы мүмкүн эмес. Эл аралык коопсуздуктун структурасы бүгүнкү күндүн шарттарына жараша кайрадан түзөтүлүүсү зарыл. БУУнун Коопсуздук кеңеши, дүйнөдөгү элдин аймактык жана диний жагы эске алынып кайрадан белгилениши керек»,-деп айтты.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө өзгөчө Албанияда кечээ болгон жер титирөөдөн кийин чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн «жардамга даярбыз» деп билдирди.

Ислам дүйнөсүн Албанияга колдоо көрсөтүүгө чакырган президент: «Жер титирөө жөнүндө маалымат алгандан кийин кечээ кечинде Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен телефон аркылуу байланышып көңүл айттым. AFAD (Апаат жана курч кырдаалды башкаруу төрагалыгы) жана Кызылай топторубуз менен бирге чукул жардамдар Албанияга жеткирилди. Жардамдарды ташыган фуралардын да бүгүн кечке чейин Албанияга жетээрине ишенемин. Бул жерден сиздер аркылуу бүткүл Ислам дүйнөсүн Албанияга колдоо көрсөтүүгө чакырамын»,-деди.



Тектеш кабарлар