Чавушоглу албаниялык кесиптеши менен сүйлөштү

Эки министр телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1313376
Чавушоглу албаниялык кесиптеши менен сүйлөштү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Албаниянын тышкы иштер министри Гент Цакай менен сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу кесиптеши Цакай менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн мазмуну жөнүндө маалымат берилген жок.

Албанияда кечээ болгон 6,3 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашуун киши көз жумган.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Албаниядагы жер титирөөдөн каза тапкандар үчүн көңүл айтылган болчу.

Жер титирөөдөн кийин түрк уюмдары Дуррес шаарындагы жабыркагандарга жардам жеткиришти.



Тектеш кабарлар