Президент Эрдоган жергиликтүү өндүрүшкө басым жасады

«Боздоган» ракетасы 2020-жылы Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кошулат.

1312769
Президент Эрдоган жергиликтүү өндүрүшкө басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жергиликтүү өндүрүш болгон «Боздоган» ракетасынын 2020-жылы инвентарга кошула турганын айтты.

Президент жана ошондой эле «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө коргоо өнөр жайындагы улуттук өндүрүшкө басым жасады.

Улуттук ракета «Боздогандын» биринчи атуу сыноосунун ийгиликтүү өткөндүгүн билдирген Эрдоган: «Боздоган ракетасы 2020-жылы учактан сыноо атуулары аяктагандан кийин Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кирет. Дүйнөдө 9 өлкө гана өндүргөн асмандан асмандагы бутаны аткан бул ракета, улуттук аскердик учактарыбызга жана F-16га орнотулат»,-деди.

Экономикадагы өсүүгө жана Түрк лирасынын күчтөнгөнүнө да көңүл бурган Эрдоган: «Долларды таштагыла. Өз акчабыз лираны колдонолу. Түрк лирасы эми кунун жоготпойт. Улуттук, жергиликтүүлүктү бул жерде дагы көрсөтөлү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар