Ирактын түндүгүнө карата абадан операция жүргүзүлдү
Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагында ПКК жикчил террордук уюмдун 7 террористти, Гара аймагында болсо 3 террорист жок кылынды.
Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагында ПКК жикчил террордук уюмдун 7 террористи, Гара аймагында болсо 3 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндөгү Хакрукта кол салуу үчүн даярданып жаткан ПККнын 7 террористинин жок кылынгандыгын билдирди. Министрликтен берилген маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагына абадан колдоо көрсөтүлгөн операция жүргүзүлдү.
Операциянын негизинде Хакрук аймагында кол салууга даярданган ПКК мүчөсү 7 террорист жок кылынды. Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү 3 террорист да жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндө террордук уюм ПККга таандык операциялардын улантылып жаткандыгы белгиленди. Маалыматта : «Түрк куралдуу күчтөрү жана Улутук Чалгындоо Уюмубуздун координациялуу иштеши менен Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында кол салуу үчүн даярданган террордук уюмдун 3 террористти жок кылынды»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.