Президент Эрдоган Катарда
Эрдоганды Катардын эмири расмий азем менен тосуп алды.
1312009
![Президент Эрдоган Катарда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b7e0/a26a/ae48/5ddbb61e5d8be.jpg?time=1718855633)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен Катарга барды.
Президент Эрдоганды Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани расмий азем менен тосуп алды.
Эки лидер аземден кийин бет-бет жолугушууга багыт алышты.
Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн министрликтеринин да катышуусунда Жогорку деңгээлдеги комитеттин жыйыны өтөт.
Жыйында экономика, туризм, энергетика, коргонуу жана биргелешкен инвестициялар каралмакчы.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда айрым меморандум жана келишимдерге кол коюлат.
Президент Эрдоган жолугушууларынын алкагында өлкөдөгү Түрк базасына барып, аскерлер менен да жолугат.