Акар: «Тыюу салынган эч бир ок-дарыны же химиялык куралды колдонгон жокпуз»

Министр Акар маалымат берди.

1310230
Акар: «Тыюу салынган эч бир ок-дарыны же химиялык куралды колдонгон жокпуз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел» операцияларынын натыйжасында ушул учурга чейин 158 террористтин жок кылынгандыгын белгиледи.

Күн тартипке байланыштуу маалымат берген Хулуси Акар, Сириядагы «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде орто эсеп менен 400 миң сириялыктын өз өлкөсүнө кайтканын белгилеп, аймактын жалпысынын террордон тазалангандыгын айтты.

«Тынчтык булагы» операциясында ушул күнгө чейин 1200 чакты террористтин жок кылынганын билдирген Акар: «Биз, эл аралык мыйзам жана келишимдер боюнча тыюу салынган эч бир ок-дарыны же химиялык куралды колдонгон жокпуз, колдонбойбуз. Уктап жаткан уюктардан тышкары жалпысынан алганда аймак тазаланган абалда. Террористтердин кол салуулары уланып жатат, АКШ жана Орусия менен сүйлөшүүлөрүбүздө айтып жатабыз. Операциялардын негизинде 4 миң 300 чарчы мердик аянт менен 600 отурукташуу жери көзөмөлгө алынды, М4 авто жолунда көзөмөл пункуттары түзүлдү»,-деди.



Тектеш кабарлар