Министр Варанк алгачкы жергиликтүү аба шары менен учту

Аба шарынын чет өлкөгө да экспорттолушу максатталууда.

1308500
Министр Варанк алгачкы жергиликтүү аба шары менен учту

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Невшехирде өндүрүлгөн алгачкы жергиликтүү аба шары менен Кападокиянын асманында учту.

Варанк аймакта иш алып барган ишканалардын бири "Pasha Balloons" тарабынан өндүрүлгөн ысык аба үйлөтүлгөн шар жөнүндө маалымат алды.

Жарандык авиация директорлугунун колдоосу менен "Pasha Balloons" тарабынан иштелип чыккан жергиликтүү аба шары 11-октябрда биринчи учуу сыноосун аткарган эле.

Аба шарлары жагынан дүйнөнүн эң маанилүү борбору болгон Кападокия менен катар Түркиянын жалпысында ар кайсы тармактарда учууларды ишке ашырган 230 шардын жылдык кездеме, купол алмаштыруу жана оңдоо каражаты орто эсеп менен 3 миллион еврого жетет.

Аба шарын чыгарууга жумшалган каражаттын азайтылышы жана кийинчерээк жылына 60 шардын өндүрүлүүсү максатталууда. Ошондой эле аба шарынын чет өлкөгө экспорттолушу пландалып жатат.

Сыноо учуулары ийгиликтүү аяктаган жергиликтүү аба шарына Катар, Оман жана Иран менен бирге Африка өлкөлөрүнөн талап болуп жаткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар