Ички иштер министри Сүлейман Сойлу : "Миграция толкунунун жооптуусу батыш өлкөлөрү"

Сойлу Анталияда Инвестицияны иликтөө жана координация башкармалыгынын семинарында сөз сүйлөдү.

1308443
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу : "Миграция толкунунун жооптуусу батыш өлкөлөрү"

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу өнүккөн өлкөлөрдүн дүрбөлөң ичинде  өздөрүнө багыт алган миграция толкунун алдына алууга аракет кылгандыгын бирок бул толкундун жооптуусу ал өлкөлөр экендигин айтты. Сойлу Анталияда Инвестицияны иликтөө жана координация башкармалыгынын семинарында сөз сүйлөдү.

Жашап жаткан кылымда батыш өлкөлөрүнүн эсепке албаган бир маселе менен бетме  - бет келишкендерин баса белгилеген Сойлу бул маселенин батыш өлкөлөрү кулаткан Жакынкы Чыгыш аймагынан келген Азия тектүү глобалдык миграция толкуну экендигин белгиледи.

Бир тараптан батыш өлкөлөрү дүрбөлөң ичинде Африка тектүү глобалдык миграция толкунуна да тоскоол болууга аракет кылгандыгын айткан Сойлу : «Бирок батыш өлкөлөрү колониячыл тартибинен чыгууну ойлобойт.  Террордук уюмдарга курал беришүүдө. Нефтини эксплуатациялоого аракет кылышууда. Айырмачылыгы болгондорду бири бирине каршы чыгарып өз цивилизацияларынын үстөмдүгүн курууну каалап жатышат. Бир тууганды бир тууганга душман кылышууда. Тактап айтканда миграцияны түзгөн кагылышууну көкүтүүдөн эч артта турушпайт»,- деди.



Тектеш кабарлар