Миналар сакталган кампа табылды
Кампанын террористтерге таандык экендиги билдирилди.
1306621
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда «Тычтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге таандык танка жардыруучу миналар сакталган кампа табылган.
Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында, бул аймакта издөө-тинтүү иштери уланып жаткандыгы белгиленип: «Террордук уюм ПКК/ЙПГ тарабынан кампа катары колдонулган мектеп имаратында 50 анти-танк минасы табылды»,-деп билдирилди.