Бүгүн ыйык Мавлид түнү белгиленет

Түркияда Мавлид түнүнө карата ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

1302447
Бүгүн ыйык Мавлид түнү белгиленет

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин туулган күнү болгон Мавлид түнү бүгүн белгиленет.

Мавлид түнү Рабиуль-авваль айынын 12-түнүнө дал келет жана Ислам дүйнөсүнүн ыйык түндөрүнүн бири болуп саналат. Мавлид бул «туулган жери жана убакыты» дегенди билдирет. 

Түркиянын Дин иштери төрагалыгына караштуу Дин кызматтары башкы директорлугу тарабынан Мавлид түнүнө карата ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Стамбулда «Эйүп Султан» жана «Фатих», Конияда «Капу», Ыспартада «Улу» жана Элазыгда «Жаңы Махалле» мечиттериндеги атайын программаларда Кураны Карим, мавлуди шариф жана дуба окулат.



Тектеш кабарлар