Пакистандын түрк фирмасына болго карыз маселеси чечилди

Пакистандын премьер  - министри Имран Хак 1, 2 миллиард долларлык ордун толтуруу доосунун президент Р. Т. Эрдогандын колдоосу менен чечилгендигин билдирди.

1300543
Пакистандын түрк фирмасына болго карыз маселеси чечилди

Пакистандын премьер  - министри Имран Хак Түрк Кара деңиз электр өндүрүш  акционердик коому КАРКЕЙ менен өлкөсүнүн ортосундагы 1, 2 миллиард долларлык ордун толтуруу доосунун президент Р. Т. Эрдогандын колдоосу менен чечилгендигин билдирди. Хан соцтармактан берген маалыматында : «Пакистан адилеттик кыймылы өкмөтү Эрдогандын колдоосу менен КАРКЕЙ маселесин чечти жана Эл аралык Инвестиция Келишимдеринин маселени чечүү борбору тарабынан алып келинген 1, 2 миллиард долларлык жазадан үнөмдөдү»,- деди. Хан Пакистан өкмөтүнүн сүйлөшүү делегациясын да куттуктады.

Пакистан менен КАРКЕЙдин ортосундагы доо 2012 -  жылы бул өлкөнүн КАРКЕЙге таандык 4 кемесин анын ичинен экөөсү сүзүп жүрүүчү электр өндүрүү кемесин конфискациялоосуна таянууда.

Өлкөнүн турунку премьер  - министри жана энергетика министри Ража Первез Эшреф тууралуу энергетика тармагында коррупция кылды деген негиз менен ачылган доодон кийин Пакистан Конституциялык Соту 4 кемени конфискациялоо чечимин чыгарган.

Чечимди : «Түркия менен Пакистандын ортосундагы Инвестицияларды бири бирине карата колдоо жана сактоо келишиминин» бузулушу деп мүнөздөгөн КАРКЕЙ Дүйнө банкынын чатыры астындагы Эл аралык инвестициялардагы шайкешсиздикти чечүү борборуна барган.

Эл аралык инвестициялардагы шайкешсиздикти чечүү борбору Пакистанды келишимди бузуу жана пайыздарды негиз катары көрсөтүп 845 миллион доллар акчалай жазага тарткан.

Пакистандын жазаны төлөбөшү менен фирма АКШдагы Колумбия  аймактык жогорку сотуна кайрылган. Өткөн убакытта Пакистандын жазаны төлөбөшү менен пайыз жана соттук чыгымдар менен жаза 1,2 миллиард долларга чыккан.

Октябрь айында КАРКЕЙ менен Пакистандын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүү тууралуу фирмадан берилген маалыматта : «КАРКЕЙ катары Пакистан менен узун убакыттан бери келе жаткан келишпестикти чечүү үчүн бир жыйынтыкка баруу үчүн принциптик келишим түзгөнүбүздү, бул принциптик келишимдин негизинде Пакистандын КАРКЕЙди жаңы долбоорлор менен инвестиция салууга чакыргандыгын белгилегибиз келет»,- деп билдирилген.



Тектеш кабарлар