Калын:«Операция менен Түндүк Сирияда террор тилкесин түзүү максаттары чоң өлчөмдө жоюлду»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын,президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде өткөн Президенттик кабинет жыйналышы уланып жатканда маалымат жыйын өткөрдү.

1300205
Калын:«Операция менен Түндүк Сирияда террор тилкесин түзүү максаттары чоң өлчөмдө жоюлду»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Тынчтык булагы» операциясынын Түндүк Сирияда террордук тилке, ал эмес террор мамлекетин түзүүнү каалаган максаттарын чоң өлчөмдө жок кылганын белгилеп, «Бул террор тилкесине абдан олуттуу сокку урулду, бирок даяр туруу абалыбыз уланууда. Террористтердин ниеттеринен оңой менен баш тартпай турганын билебиз»,-деди.

Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде өткөн Президенттик кабинет жыйналышы уланып жатканда маалымат жыйын өткөрдү.

Сирияда керек болсо саясий процесстин илгерилетилиши, керек болсо Конституциялык комиссиянын иштерин улантышы жана керек болсо мыйзамдуу, демократиялык жана кеңири камтуучу башкаруунун жумушка келиши үчүн шайлоолорду өткөрүшү үчүн боло турган абдан көп нерсе бар экенин айткан Калын: «Айрыкча террор менен күрөшүүнүн бир утурумдук гана процесс болбогонун, уланып келген процесс болгонун баса белгилегибиз келет. «Тынчтык булагы» операциясы өзгөчө түндүк жана түндүк чыгыш Сирияда чек арабыздын дароо түштүгүндө террор тилкеси, ал эмес террор мамлекетин курууну каалаган максаттары чоң өлчөмдө жоюлду. Бул террор тилкесине абдан оор сокку урулду, бирок даяр туруу абалыбыз уланууда. Чындыгында террористтердин ниеттеринен, кыймылдарынан оңой менен баш тартпай турганын билебиз»,-деп улантты.

Түркиянын өз жерлеринде ошондой эле аймактагы бардык азчылыктардын жана берки этник топтордун жан жана мүлк коопсуздугу темасында эң чоң кылдаттыкты көрсөткөнүн жана көрсөтүүсүн уланта турганын белгилеген Калын, «Тынчтык булагы» операциясынын ийгилигине көлөкө түшүрүүгө карай каралоо акцияларына каршы ар кимдин абдан сергек болушу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар