Түркия АКШнын Өкүлдөр палатасынын чечимине катуу каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин бул тема тууралуу маалыматында, «Тынчтык булагы операциясын  себеп көрсөтүп өлкөбүзгө санкция киргизилишин көздөгөн мыйзам долбоорунун бүгүн АКШнын Эл өкүлдөр палатасында кабыл алынышын катуу айыптайбыз»,делди.

1296958
Түркия АКШнын Өкүлдөр палатасынын чечимине катуу каршылык көрсөттү

Түркия, АКШнын Эл өкүлдөр палатасында Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК/СДК жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясын себеп көрсөтүп Түркияга санкция киргизилиши тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышын катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин бул тема тууралуу маалыматында, «Тынчтык булагы операциясын  себеп көрсөтүп өлкөбүзгө санкция киргизилишин көздөгөн мыйзам долбоорунун бүгүн АКШнын Эл өкүлдөр палатасында кабыл алынышын катуу айыптайбыз»,делди.

Түркияда жогорку жетекчилерди жана Куралдуу күчтөрдү бутага алган долбоордун, НАТО чатырынын астында жүргүзүлгөн шериктештик рухуна шайкеш келбегенине шилтеме кылынган билдирүүдө 17-октябрда Сирия темасында АКШ менен түзүлгөн меморандумга дагы туура келбегени белгиленди.

АКШнын бир беткей коркутуулар менен бир жерге жете албай турганы билдирилген маалыматта, «Акыркы күндөрдө шериктеш бир өлкө менен террордук уюм (ЙПГ/ПКК/СДК) арасындагы айырманы дагы көрмөксөнгө салган айтым жана кыймылдары менен террорист бир кишини мыйзамдаштыруу кайдыгерлигин кылган АКШнын жооптуу кызматкерлеринин бир беткей санкция коркутуулары менен бир жерге жете албай тургандарын көрүүлөрү керек. АКШ Конгрессин, карым-катнаштарыбыздын мазмунуна туура эмес маселелерди ички саясат материалы кылууну соңуна чыгарууга, шериктештик жана өнөктөштүк карым-катнаштарыбызга жарашкыдай түрдө иш-аракет кылууга жана АКШ башкаруучулугун дагы карым-катнаштарыбызга мындан көп зыян тийгизе турган кадамдардын алдын алуу үчүн керектүү чараларды көрүүгө чакырабыз»,делди.



Тектеш кабарлар