Чавушоглу: «АКШнын Өкүлдөр палатасынын жалган армян дооматтары тууралуу долбоору жокко эсе»

Чавушоглу бул тууралуу социалдык медиа барагы Твиттерден маалымат бөлүштү.

1296986
Чавушоглу: «АКШнын Өкүлдөр палатасынын жалган армян дооматтары тууралуу долбоору жокко эсе»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын Өкүлдөр палатасынын жалган армян дооматтары тууралуу долбоорунун дээрлик жокке эсе экенин белгилеп кетти.

Министр Чавушоглу, социалдык медиа барагы Твиттерден, «(Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК/СДКга каршы жүргүзүлгөн) «Тынчтык булагы» операциясы менен чоң оюнду буздук. Долбоорлору үзгүлтүккө учурагандар текчелердеги чычкан жеген долбоорлорун алып чыгышты. Бизден бул жол менен өч ала тургандарын ойлогондор жаңылышат. Тарыхты саясатка аралаштыргандардын бул уяткаруучу чечимдери, өкмөтүбүздүн жана элибиздин көз алдында жокко эсе!»-деп бөлүштү.

АКШнын Өкүлдөр палатасы 1915-жылдагы окуялар тууралуу армян дооматтарын тааныган токтом долбоорун кабыл алган болчу.



Тектеш кабарлар