«Тынчтык булагы» операциясы болгон аймакта чалгындоо жана байкоо иштери жүрүп жатат

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан басма сөздү маалыматтандыруу жыйналышында «Тынчтык булагы» операциясы болгон аймакта чалгындоо жана байкоо иштеринин жүрүп жатканы белгиленди.

1294209
«Тынчтык булагы» операциясы болгон аймакта чалгындоо жана байкоо иштери жүрүп жатат

Улуттук коргоо министрлиги Түркия менен Орусиянын ортосунда жетишилген Сочи меморандумунун ишке ашырылышы жана көзөмөлү үчүн түзүлө турган механизмдерге карай иштердин Орусиянын тийиштүү адистери менен улантылганын билдирди.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан басма сөздү маалыматтандыруу жыйналышында «Тынчтык булагы» операциясы болгон аймакта чалгындоо жана байкоо иштеринин жүрүп жатканы белгиленди.

Аймакта коопсуздуктун камсыздала алышы үчүн ушул убакка дейре 40 мина жана 227 колго жасалган жарылуучу зат табылып зыянсыздаштырылды.

Террордук уюм курган километрлеп санала турган узун туннелдердин дагы иш машиналары менен көмүлгөнү сөз кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Тель-Абьядда курулган нан бышырган печкадан элге нан таркатылып жатканда, курулган тез жардам станциясында балдардан баштап аймак калкына саламаттык сактоо колдоосу көрсөтүлөт.

Министрлик, чет элдик басма сөздүн «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка алып барылганы маалыматын дагы бөлүштү.

Жаран калкка, тарыхый, маданий жана диний имараттар менен чөйрөгө зыян тийгизилбегенинин чет элдик басма сөзгө ордунда көрсөтүлгөнү айтылды.

Тель-Абьядда ДЕАШ террористтери кармалган жана ПКК/ЙПГ террористтери тарабынан бошотулган абак да иликтенди.

Бөлүктөр турган жерлерде ар түрдүү коопсуздук чаралары көрүлуп чалгындоо жана байкоо иштерин жүргүзүп жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар