Түркия «Тынчтык булагы» операциясында химиялык курал колдонгон жок

Улуттук коргоо министрлигинин коомчулук менен байланыштар штабы тарабынан борбор шаар Анкарада маалыматтандыруу жыйналышы уюштурулду.

1291912
Түркия «Тынчтык булагы» операциясында химиялык курал колдонгон жок

Түркия, Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясында химиялык курал колдонулбаганын жарыялады.

Улуттук коргоо министрлигинин коомчулук менен байланыштар штабы тарабынан борбор шаар Анкарада маалыматтандыруу жыйналышы уюштурулду.

Таанытуу офицери деңиз майору Надиде Шебнем Актоп, жыйналыштагы сүйлөгөн сөзүндө АКШ менен түзүлгөн меморандумга карабастан ПКК/ЙПГ террористтери тарабынан 2019-жылдын 17-октябрында саат 22:00дөн тарта бардыгы 36 жолу тийишүү/бузуу болгонун маалымдады.

«Тынчтык булагы» операциясында 765 террористтин жок кылынганын 11 отурукташкан жер менен 1500 чарчы чакырымдык аянттын көзөмөлгө алынганын айткан Актоп: «Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан эл аралык укук жана келишимдер менен тыюу салынган эч бир ок-дары же химиялык куралды колдонгон жери жок. «Тынчтык булагы» операциясында Сириянын территориясында операциядан улам жарандык зыянга учуроо болгон жок. Түркия менен АКШнын ортосунда жетишилген меморандумдун алкагында ПКК/ЙПГ террористтеринин 120 сааттын ичинде аймактан чыгып кетиши жакын байкалып жатат. (Сириядагы коопсуз аймак) Ушул убакка дейре аймактан 125 унаа чыкты»,деген маалыматты бөлүштү.



Тектеш кабарлар