Түркия Мусул аэропортун кайрадан курат

1920 -  жылы курулган Эл аралык Мусул Аэропорту  ДЕАШ террордук уюмдун 2014 -  жылы Мусулду колго алышы менен абдан чоң зыян тарткан.

1290398
Түркия Мусул аэропортун кайрадан курат

Иракта Мусул аэропортунун кайрадан курулушу үчүн Түркия инвестиция сунушун киргизди.

Ирак Министрлер Кеңешинин башкы катчысы Хамд ел  - Газзи берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түркиянын Багдат элчиси Фатих Йылдыздын Мусул аэропортунун кайрадан курулушу үчүн атайын инвестиция сунушун киргизгендигин белгиледи. Газзи бул долбоордун шаардагы жумушчу күчү үчүн жумуш менен камсыздоонун каалгасы болорун айтты.

Аэпортту куруу долбоорунун Нинова аймагындагы жерлердин ырааттуулугу жана архитектурасы үчүн керектүү экендигине көңүлдөрдү бурган Газзи элчи Йылдыз киргизген сунушка караганда жаңылоо иштеринин биринчи баскычынын алты айга созуларын айтты. Газзи жаңылана турган аэропорттун Мусулдун маданий жүзүн чагылдырарын баса белгиледи.

1920 -  жылы курулган Эл аралык Мусул Аэропорту  ДЕАШ террордук уюмдун 2014 -  жылы Мусулду колго алышы менен абдан чоң зыян тарткан.



Тектеш кабарлар