ЙПГ/ПКК Сириянын түндүгүнөн чыга баштады

Президент Р. Т. Эрдоган ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмдун Сириянын түндүгүнөн чыга  баштагандыгын жарыялады.

1290536
ЙПГ/ПКК Сириянын түндүгүнөн чыга баштады

Президент Р. Т. Эрдоган ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмдун Сириянын түндүгүнөн чыга  баштагандыгын жарыялады.

Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттерге маалымат берди.

Түркия менен АКШнын ортосунда кечээ түзүлгөн Түрк куралдуу күчтөрү жана Сирия Улуттук Армиясынын Сириянын түндүгүндө  террористтерге карата жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясын убактылуу тыныктыруу макулдашуусуна токтолгон Эрдоган : «Аймакта 9 күндүк процессти жашадык. Андан мурункусу да бар. Телефон дипломатиясы менен улантылган процесс болду. АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти В. Путин жана түрдүү Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.Тыгыз сүйлөшүүлөрүбүздү кечээ өткөрдүк. Урматтуу Трамп менен өткөргөн сүйлөшүүдө бир делегациялар аралык жолугушуу менен дагы жакшы жерге алып бара алабыз дедик. АКШнын вице  - президенти  Майк Пенстин жетекчилигинде бир делегацияны жиберишти. Бул делегациялар мен белгилеген делегациялар менен алдыңкы сүйлөшүү өткөрүштү. Кечээ да финал үйлөшүүлөрдү өткөрдүк»,- деди.

Оболу Пенс менен өзүнүн сүйлөшкөндүгүн билдирген Эрдоган : «Делегациялар аралык сүйлөшүүнүн натыйжасында да белгиленген 13 беренелик биргелешкен билдирүүнү дүйнөлүк коомчулукка билдирдик. 120 сааттык процесс иштеп жатат»,- деди.

«444 километрдик узундук бар. 120 сааттын ичинде бул жерлердин бошотулушу тууралуу макулдаштык»,- деген Эрдоган : «Түркиянын жетекчилигинде жана бирдикте колдошуунун негизинде аткаруу чечимин чыгардык. Дайыма байланыш ичинде болобуз. 120 саатты ийгиликтүү өткөрө алсак... Шейшемби күнү да урматтуу Путин менен сүйлөшүү өткөрөм. Путин менен өткөрө турган сүйлөшүүгө да бул процесстин бир элементи катары карап жатам. Улуттук коргоо министрим менен да сүйлөштүм. Чегинүүнүн башталгандыгын айтты. Биздин келишимибиздин бир өзгөчөлүгү да бул, азыркы учурда ал жердеги коопсуздук күчтөрүбүз аянттан чыкпайт. Улуттук коргоо министримен алган кабарга караганда кагылышуу сөз болбойт. Далилсиз маалыматтарга кулак салбайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар