Малайзия ок өткөрбөс унаа чыгарууда Түркия менен иштейт

Мухаммед Сабу малайзиялык коргонуу өнөр жай фирмаларынын курал бөлүкчөлөрүн өндүрүү менен эле чектелбестен, башка тармактардагы кемчиликтерди толкутоо үчүн аракетке өтүүлөрү керектигин баса белгиледи.

1288345
Малайзия ок өткөрбөс унаа чыгарууда Түркия менен иштейт

 Малайзиянын коргоо министри Мухаммед Сабу ок өткөрбөс аскердик унаа өндүрүүдө Малайзиянын Түркия менен иштей тургандыгын билдирди.

Малайзияда парламент отурумунда оппозиция партиясынын депутатынын Малайзиянын ок өткөрбөс аскердик унаа өндүрүшүнө байланыштуу берген суроосуна министр Мухаммед Сабу : «Түркия бул тармакта бирге иш аткарган өлкөлөрдүн бирөөсү»,- деп жооп берди.

Мухаммед премьер  - министр Махатир Мухаммеддин  июль айында Түркияга жасаган сапарын эске салып : «Премьер  - министрибиз менен абадан коргонуу боюнча өнөр жай аймактарын иликтедик жана бул тармактагы технологияларынын өнүккөн өлкөлөр менен бирдей деңгээлде экендигин көрдүк»,- деди.

Жергиликтүү курал жана аскердик унаа өндүрүүнүн Малайзиянын аймактык коопсуздугу үчүн маанисине көңүлдөрдү бурган Мухаммед малайзиялык коргонуу өнөр жай фирмаларынын курал бөлүкчөлөрүн өндүрүү менен эле чектелбестен, башка тармактардагы кемчиликтерди толкутоо үчүн аракетке өтүүлөрү керектигин баса белгиледи.

Мухаммед өкмөттүн коргонуу өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн Ар  -  Ге башкача айтканда изилде  - өнүктүр эмгектерин улантып жаткандыгын белгилеп, Малайзиянын кийинки жылдарда коргонуу тармагында технология өндүргөн өлкөлөрдүн арасынан орун аларын белгиледи.



Тектеш кабарлар