Түркия Японияга көңүл айтты

«Хагибис» тайфуну Японияны уруп өттү.

1287297
Түркия Японияга көңүл айтты

Түркия, Японияга таасирин тийгизген «Хагибис» тайфунунун себебинен каза тапкандар үчүн япон элине көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Японияны кыйраткан «Хагибис» тайфуну себеп болгон сел жана жер көчкүлөрдүн кесепети бизди катуу капага салды. Каза тапкандардын жакындарына жана япон элине чын дилден көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Японияда «Хагибис» тайфунунан таасирленген аймактарда 53 киши каза болуп, орто эсеп менен 100дөн ашуун киши жаракат алды. Дайынсыз 16 киши үчүн болсо издөө-куткаруу иштери уланып жатат.



Тектеш кабарлар