Түркия ДЕАШка каршы күрөшүүнү улантат

Алтун: «ДЕАШ Түркиянын душманы жана толугу менен жок болгонго дейре алар менен күрөшүүдөн баш тартпайбыз»

1287499
Түркия ДЕАШка каршы күрөшүүнү улантат

Коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүнү улантууда Түркиянын чечкиндүү экенин баса белгиледи.

Алтун Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Түркия ДЕАШка каршы күрөшүүнү улантууга чечкиндүү жана ошол эле учурда бул коркок террористтерге каршы согушууга өзүн арнаган өлкө болуп саналат. ДЕАШ Түркиянын душманы жана толугу менен жок болгонго дейре алар менен күрөшүүдөн баш тартпайбыз»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын ДЕАШка каршы чындап күрөшүп келген жалгыз өлкө экенин айтып: «Дагы деле Сирияда жүргөн ДЕАШтыктар темасында ар түрдүү жоопкерчиликти милдеттенүүгө даяр экенибизди баса белгилегим келет»-деген болчу.



Тектеш кабарлар