Тышкы иштер министрлиги: "Тынчтык булагы операциясы демокрафиялык түзүлүштү бузууну максаттабайт"

Операциянын Европа Биримдиги жана НАТО тарабынан террордук уюм деп кабыл алынган ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ элементтерин бутага алганы баса белгиленди.

1286645
Тышкы иштер министрлиги: "Тынчтык булагы операциясы демокрафиялык түзүлүштү бузууну максаттабайт"

Түркия, түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулукту алып келүү максатында Сириянын түндүгүнө террор уюмдарына каршы баштаган «Тынчтык булагы» операциясынын демографилык түзүлүшүн өзгөртүүнү максаттабаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында операциянын Европа Биримдиги жана НАТО тарабынан террордук уюм деп кабыл алынган ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ элементтерин бутага алганы баса белгиленди.

Өз атуулу болгон чет элдик террорист согушчуларды кайтарып алуудан качкан өлкөлөрдүн ДЕАШ менен күрөшүү боюнча Түркияга сабак берүү укугунун жок экенин баса белгилеген билдирүүдө, «Түркиянын кыймыл аянтынын демографиясын өзгөртүү сыяктуу максаты жок. ПЙД/ЙПГ террор уюмунун жикчил күн тартибине кыйыр же ачык колдоо көрсөткөн өлкө жана чөйрөлөрдүн бул жагдайда Түркияга карата негизсиз жалаа жабуулары, Сириянын бөлүнүүсүн максаттаган пландарынын бузулушунан келип чыккан реакциясынын көрүнүшү болуп саналат. «Тынчтык булагы» операциясынын Сирияда саясий чечүүчү жол табуу аракеттерине зыян тийгизе турганы айтымы чындыкка жатпайт»,делди.

Тышкы иштер министрлиги БУУнун жооптуу кызматкеринин Сирияда түзүлө турган коопсуз аймак менен Сребреница геноцидин окшоштурган  айтымдарын дагы катуу айыптады.



Тектеш кабарлар