Берлин элчилигинин унаасы өрттөлдү

Түркиянын Берлин элчилигине таандык дипломатиялык бир унаа өрттөлдү.

1286435
Берлин элчилигинин унаасы өрттөлдү

Германияда Түркиянын Берлин элчилигине таандык дипломатиялык бир унаа өрттөлдү. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда түн жарымында ким экендиги белгисиз киши же кишилер токтоп турган дипломатиялык унааны өрттөдү.

Унаанын толугу менен күйгөндүгү жана жараксыз абалда экендиги билдирилди.

Элчилик жетекчилери коопсуздук чараларынын күчтөндүрүлүшүн талап кылып, кылмышкерлердин эртерээк кармалышын суранды. Немис полициясы бул тууралуу кенен иликтөө баштады.



Тектеш кабарлар