Сирия тараптан атылган минометтун октору Түркиянын чек ара аймактарына тийди

Кол салуудан 9 киши жаракат алды.

1285808
Сирия тараптан атылган минометтун октору Түркиянын чек ара аймактарына тийди

Сирияда ЙПГ/ПККлык террористтер тарабынан басылып алынган аймактардан атылган минометтун октору Түркиянын Шанлыурфа облусунун Акчакале, Билежик жана Жейланпынар райондору менен Мардиндин Нусайбин районундагы айрым жерлерге тийип 9 киши жаракат алды.

Түркиянын түштүк чек арасына түзүүгө аракет кылган террорчулардын коридоруна бөгөт болуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү максатында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирия Улуттук армиясы менен биргеликте Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдар ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы башталган «Тынчтык булагы» операциясы уланып жатат.

ЙПГ/ПККлык террористтер тарабынан басылып алынган аймактардан, операция башталган убакыттан бери атылган минометтун октору Шанлыурфанын Акчакале, Билежик жана Жейланпынар райондору менен Мардиндин Нусайбин районундагы айрым жерлерге тийди.

Минометтун октору тийген жерлерден Нусайбинде 5, Жейланпынарда 2 бала, Билежикте бирөөсү бала эки кишиден турган жалпы 9 киши жаракат алды.

ЙПГ/ПККлыктардын кол салууларынан кийин террордук уюмдар жайгашкан аймактарга пушкалар атылып жооп кайтарылды.



Тектеш кабарлар