ЙПГ/ПКК террористтери жарандарга кол салууда

Сирияда ЙПГ/ПКК террористтери тарабынан мурда басылып алынган аймактардан атылган минометтун октору Түркиянын Шанлыурфа облусунун Акчакале, Билежик жана Жейланпынар райондору менен Мардиндин Нусайбин районундагы айрым жерлерге тийип 16 киши жаракат алды.

1285946
ЙПГ/ПКК террористтери жарандарга кол салууда

Сирияда ЙПГ/ПКК террористтери тарабынан мурда басылып алынган аймактардан атылган миномет жана гранатаметтун октору Түркиянын Шанлыурфа облусунун Акчакале, Билежик жана Жейланпынар райондору менен Мардиндин Нусайбин районундагы айрым жерлерге тийип 16 киши жаракат алды.

Түркиянын түштүк чек арасына түзүүгө аракет кылган террорчулардын коридоруна бөгөт болуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү максатында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирия Улуттук армиясы менен биргеликте Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдар ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы башталган «Тынчтык булагы» операциясы уланып жатат.

ЙПГ/ПККлык террористтер тарабынан басылып алынган аймактардан, операция башталган (кечээ саат 16:00) убакыттан бери атылган минометтун октору жана гранатамёттун октору Шанлыурфанын Акчакале, Билежик жана Жейланпынар райондору менен Мардиндин Нусайбин районундагы айрым жерлерге тийди.

Гранатамет жана минометтун октору тийген жерлерден Нусайбинде 5, Жейланпынарда экөөсү бала 6, Билежикте бирөөсү бала эки киши, Акчакаледе 3 киши болуп  жалпы 16 киши жаракат алды.

Жаралуулардан 12си дарыланып жатат.

ЙПГ/ПКК террористтеринин кол салууларынан кийин террордук уюмдар жайгашкан аймактарга пушкалар атылып жооп кайтарылды.



Тектеш кабарлар