Акар:«Түрк аскери Сирияда элдин жанында террористтердин каршысында болот»

Хулуси Акар, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде уюштурулган «Тынчтыктын булагы» операциясынын координация жыйналышынан кийин өз баа берүүсүн жасады.

1285331
Акар:«Түрк аскери Сирияда элдин жанында террористтердин каршысында болот»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түрк аскеринин Сирияда элдин жанында террористтердин каршысында боло турганын айтты.

Хулуси Акар, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлгөн «Тынчтыктын булагы» операциясы тууралуу президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде уюштурулган «Тынчтыктын булагы» операциясынын координация жыйналышынан кийин өз баа берүүсүн жасады.

Ушул убакка дейре болгону сыяктуу «Тынчтыктын булагы» операциясында да жаран карапайым адамдардын, тарыхый чыгармалардын, маданий жана диний имараттардын кол тийбестиги бар экендигин баса белгилеген Хулуси Акар: «Бир гана өлкөбүздүн жана улутубуздун эмес, аймагыбызда жашаган берки диний жана этникалык топтордун да коопсуздугуна абдан чоң маани берүүдөбүз»,-деди.

Түркия-Сирия чек арасында түзүлүүсү пландалган коопсуз аймактын качкындардын үйлөрүнө кайтышы үчүн эң туура жана адамзатка ылайык альтернатива боло турганын баса белгилеген Акар: « (Сирия менен болгон) 911 чакырымдык чек арабызда террордук тилке түзүлүүсүн эч качан кабыл албайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар