Улуттук коргоо министрлигинин жарыясы

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө ТККнын өлкө ичи жана өлкө тышына операцияларына байланыштуу маалымат берди.

1284645
Улуттук коргоо министрлигинин жарыясы

Улуттук коргоо министрлиги Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Коалициядагы жана НАТОго мүчө өлкөнүн ДЕАШ менен бетме-бет салгылашкан жалгыз армиясы болгонун жарыялады.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө ТККнын өлкө ичи жана өлкө тышына операцияларына байланыштуу маалымат берди.

ТККнын Сирияда «Евфрат калканы» кыймылында аянтта ДЕАШ террор уюму менен бетме-бет салгылашкан жалгыз Коалициядагы жана НАТОго мүчө өлкөнүн армиясы болгонун баса белгилеген жарыясында: «ДЕАШтын кандуу кыймылдарынан эң көп зыян тарткан өлкөлөрдөн бири болгон Түркия, өлкө ичинде жана чек араларынын тышында бул террордук уюм менен күчөтүлгөн темп менен катуу күрөш жүргүздү, Евфраттын чыгышында дагы күрөшүүсүн улантат»,деген сөздөргө орун берди.

Жарыяда, ТККнын «Евфрат калканы» кыймылында ДЕАШтын ыйык деп эсептеген Дабык аймагын каратып алышы менен уюмга эң чоң аскердик жана идеологиялык сокку урулганын да эске салды.



Тектеш кабарлар