Президент Эрдоган : "Максатыбыз Евфраттын чыгышын тынчтык булагынын суусу менен суугаруу"

Президент Р. Т. Эрдоган Евфрат дарыясынын чыгышына карата операция планынын акырына чыккандыгын айтты.

1282416
Президент Эрдоган : "Максатыбыз Евфраттын чыгышын тынчтык булагынын суусу менен суугаруу"

Президент Р. Т. Эрдоган Евфрат дарыясынын чыгышына карата операция планынын акырына чыккандыгын айтты. 

Президент Р. Т. Эрдоган партиясынын Анкара Кызылжахамамдагы 29 -  сүйлөшүү  жана баа берүү жыйынында бүгүн сөз сүйлөп, Евфрат дарыясынын чыгышына карата операция тууралуу : "Даярдыктарыбызды көрдүк, операция планыбызды да бүтүрдүк. Керектүү жолдомолорду бердик. Чечим чыгарылган жана процесси башталган тынчтык пландарынын алдын ачуунун убактысы балким бүгүн, балким эртең деп айтууга боло турганчалык жакын. Кургактыктан жана абадан бул операцияны жүргүзөбүз", -  деди. 

Президент Эрдоган Түркиянын Евфрат дарыясынын чыгышы тууралуу кесиптештерине бардык эскертүүлөрдү билдиргендигин да белгиледи. 

Р. Т. Эрдоган : "Жетеринче сабырдуулук менен мамиле кылдык. Кургактык күзөтү, аба күзөтү булардын баары бир жомок экендигин көрүп турабыз. Максатыбыз Евфраттын чыгышын, баса белгилейм, тынчтыктын булагы менен суугаруу", -  деди. Эрдоган : "Союздаштарыбызга карата сурообуз ачык. Силер Cирия демократиялык күчтөрү СДГ деген ат менен көздөрдөн алыс кармоого аракет кылган ПКК -  ЙПГни террордук уюм катары кабыл аласыңарбы, албайсыңарбы муну билдиргиле", -  деди. 

.



Тектеш кабарлар