Үчүнчү түрк-америка күзөтү башталды
Биргелешкен кургактык күзөтүн Түрк куралдуу күчтөрү менен АКШнын аскердик кызматкерлери ишке ашырууда.
1281616
![Үчүнчү түрк-америка күзөтү башталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7ebf/36aa/329e/5d96ee9a7c3b5.jpg?time=1718863609)
Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында Коопсуз аймак түзүүнүн алкагында, Түрк куралдуу күчтөрү менен АКШнын аскердик кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан үчүнчү биргелешкен күзөт иштери башталды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Сирияда Евфраттын чыгышында Коопсуз аймак түзүүнүн алкагында үчүнчү биргелешкен күзөт иштери Түрк куралдуу күчтөрү менен АКШнын аскердик кызматкерлери, кургактык унаалары жана учкучсуз учуучу учактардын катышуусунда Телябьяддын чыгышында башталды»,-делди.