Элчи Эрдоган Ишжан БУУда
Элчи Эрдоган Ишжан 2020 – 2023 мезгили үчүн БУУнун Кыйноону алдына алуу комитетинин мүчөлүгүнө шайланды.
![Элчи Эрдоган Ишжан БУУда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3122/1a9f/e098/5d96eff2e8748.jpg?time=1718853931)
Элчи Эрдоган Ишжан 2020 – 2023 мезгили үчүн БУУнун Кыйноону алдына алуу комитетинин мүчөлүгүнө шайланды.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта БУУнун Кыйноо жана башка зулумчулук, адамзаттык тышы же кемсинтүүчү мамиле же жазага каршы келишимдин тарап мамлекеттеринин 17 - жыйынынын негизинде Женевада болгон шайлоодо Түркия тарабынан талапкер көрсөтүлгөн элчи Эрдоган Ишжандын 2020 – 2023 мезгили үчүн БУУнун Кыйноону алдына алуу комитетинин мүчөлүгүнө шайлангандыгы билдирилди.
Маалыматта : «Тажрыйбалуу жана ийгиликтүү дипломаттарыбыздан элчи Ишжандын бул кызматка шайланышы Түркиянын эл аралык уюмдардагы активдүү жана адилеттүүлүгүнүн көрсөткүчү. Эрдоган Ишжандын кызматында комитетке чоң салым кошоруна ишенебиз жана ийгилик каалайбыз»,- деп билдирилди.