Чавушоглу пландалган аскердик операция тууралуу маалымат берди

Башкы командир катары президент Режеп Таййип Эрдоган буйрук берген учурда керектүү иштер аткарылат.

1281180
Чавушоглу пландалган аскердик операция тууралуу маалымат берди

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сириянын түндүгүнө жүргүзүлүшү пландалган аскердик операция туурасында, башкы командир катары президент Режеп Таййип Эрдоган буйрук берген учурда керектүү иштин аткарыла турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу менчик каналда күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Сөз сүйлөөсүндө Сириянын түндүгүндө АКШ менен биргелеше түзүлүүсү пландалган Коопсуз аймак темасына токтолгон Чавушоглу: «Биз АКШнын сунушу менен бирге бул жерде Коопсуз аймак түзүлүүсү үчүн чын ыкластан мамиле кылдык. Бирок ушундай эле мамилени АКШ тараптан көрбөгөндүгүбүз ачык айкын. Президентибиз да өзгөчө бул темага басым жасады. АКШ менен жүргүзүлгөн бул процесстин бизди каалаган жерге алып барбаарына көзүбүз жетип турат. Аянттан келген маалыматтар муну тастыктоодо»,-деп айтты.

Түркиянын ансыз деле бул жерге кирүү жана бул жерди Коопсуз аймак кылууну пландап келгенин баса белгилеген Чавушоглу: «Урматтуу президентибиз да ушул тууралуу маалыматтарды берген. Эми террордук уюмдарды ал жерден тазалап жана качкындардын бул жерлерге кайтуусу үчүн кадамдарды ташташыбыз керек. Даярдыктарыбыз көптөн бери уланып келе жатат. Албетте башкы командир катары президент Режеп Таййип Эрдоган качан буйрук берсе керектүү иш аткарылат»,-деди.



Тектеш кабарлар