Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Германияда

Түркиянын Европадагы консулдуктарында кызмат сапаты көптөгөн дүйнө өлкөсүнөн дагы алдыда.

1280590
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Германияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европада акыркы мезгилде күч алган расалык агымга каршы Европа өлкөлөрүнүн башкарууларын дагы бир жолу эскертти.

Чавушоглу Германиянын Дюсселдорф шаарында Түркиянын Европадагы 42 консулдугу катышкан жыйында сүйлөгөн сөзүндө чет элдик душмандыгына каршы Түркиянын ар дайым жарандарынын жанында болорун билдирди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу сөзүндө Европада диний эркиндиктин чектелгенине да көңүлдөрдү бурду. Ошол эле учурда террордук уюмдар менен күрөшүүнүн улантыларын баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу жыйында Түркиянын Европадагы консулдуктарында кызмат сапатынын көптөгөн дүйнө өлкөсүнөн дагы алдыда экендигин  белгиледи.

 



Тектеш кабарлар