Тышкы иштер министри MIKTA жыйынына катышты
Континенттер аралык экономикалык кызматташуу MIKTAнын жыйынында аймактык жана маданий абалдар каралды.
1277323
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Австралия жана Түркия курган Континенттер аралык экономикалык кызматташуу MIKTAнын жыйынына катышты.
АКШнын Нью – Йорк шаарында уланып жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74 - сессиясынын негизинде кезектешкен башкаруучу Мексиканын жетекчилигинде тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен 15 – MIKTA жыйыны өттү. Чавушоглу твиттерден жыйын тууралуу : «БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74 - сессиясынын негизинде 15 - MIKTA тышкы иштер министрлеринин жыйынында аймактык жана маданий абалдарды карап чыктык. Беш жыл мурда курулган MIKTA БУУнун реформасы жана көп тараптуу кызматташуу механизмдеринин жандандырылышы үчүн маанилүү бир платформа»,- деп билдирди.