Аксой:«Төңкөрүш менен бийликке келгендер Түркиядагы демократияны сынга ала албайт»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Египеттин Тышкы иштер министрлигинин катчысынын кечээ сүйлөгөн сөзү туурасындагы суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1277591
Аксой:«Төңкөрүш менен бийликке келгендер Түркиядагы демократияны сынга ала албайт»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Египеттин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган жалган жана жалааларга толгон акаарат билдирүүсүн четке каккандарын маалымдады.

Катчы Аксой, Египеттин Тышкы иштер министрлигинин катчысынын кечээ сүйлөгөн сөзү туурасындагы суроого жазуу түрүндөгү жообунда, «Египеттин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын чектен чыгып 2019-жылдын 24-сентябрында жасаган, өлкөбүз менен урматтуу президентибизди бутага алган жалган жана жалааларга толгон билдирүүсүн четке кагабыз»,делди.

Жазуу түрүндөгү билдирүүдө, «Төңкөрүш менен бийликке келгендердин Түркиядагы демократияны сынга алуулары өзү эле трагедиялуу мыскыл болуп жатпайбы» деген сөздөргө орун берген Аксой, Түркиянын эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары Египетте кеңири жайылган жана систематикалык түрдө уланган адам укуктарын бузуулардын соңуна чыгышына жана Египет калкынын демократия, адилеттик, теңдик, эркиндик, жоопкерчилик жана өнүгүү сыяктуу мызамдуу талаптарынын аткарылышына карай чакырык салганына көңүл бурду.

Египеттеги абактарда абийирге сыйбаган кыйноолор жана саясий чечимдер менен жүргүзүлгөн сот жараяндарынын эл аралык коомчулук тарабынан абдан жакшы билингенин баса белгилеген Аксой, бул ишке ашыруунун ар түрдүү эл аралык уюмдардын сындоолоруна да тема болгонун эске салды.

Аксой, Египеттеги башкаруунун «Жакшы ниеттүү чакырык жана кеңештерге оң баа берип кулак салуунун ордуна, ишке ашырган адам укуктарын бузууларды жаап жашыруу жана Египет калкынын негизги талаптарын тоготпоо үчүн, мындан мурда да көп жолу кылганы сыяктуу агрессивдүү мамиле кылууну тандагынын» белгиледи.

Египеттин террор менен күрөшүү боюнча жол башчылык ролуна жана тажрыйбага ээ болгон Түркияны бул  темада сынга алуу аракетинин, сөз болгон агрессивдүү мамилесинин чагылышуусу болгонун баса белгилеген Аксой: «Түркия, Фетхуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен катар ПКК/ЙПГ, Ал Каида, ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар менен көп жылдар бою күрөшүп келди. Түркиянын чек аранын тышына чейин коркунуч туудурган терроризм менен күрөшүүсү, Сирия баш болгон коңшу өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгү менен аймактын коопсуздук жана ынтымагынын корголушуна да салым кошууда. Билдирүүдө ачык көргөнүбүз сыяктуу, төңкөрүш менен бийликке келгендердин төңкөрүшчүлөргө колдоо көрсөтүүсү таң калтыруучу эмес. Негизинен бул билдирүү, Египеттеги башкаруунун зулумдук жана деспотизмге таянган мүнөзүн чагылдыруудан узакка барган жери жок. Түркия, тууган Египет калкынын тынчтык жана өнүгүүсү багытындагы принциптүү мамилесин улантат, Египетте демократияга артка кайтылышына, укук жана эркиндиктердин камсыздалышына карай көз караштарын айтуусун улантат»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар