Президент Эрдоган АКШдагы жолугушууларын аяктады

Эрдоган АКШдан Түркияга кайтты.

1276479
Президент Эрдоган АКШдагы жолугушууларын аяктады

БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясы үчүн барган Нью-Йоркто расмий жолугушууларын уланткан президент Режеп Таййип Эрдоган, хорват кесиптеши Колинда Грабар Китарович менен жолукту.

БУУнун башкы борборундагы жолугушуу жабык эшик артында өттү.

Эрдоган андан соң Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакисти кабыл алды.

Сапарын аяктаган Эрдоган өлкөгө кайтуу үчүн АКШдан жөнөп кетти.



Тектеш кабарлар