Түркиянын канаттуу ракетасы «Атмажа» бутаны таамай атты

«Атмажа» акыркы сыноо атуусун ишке ашырды.

1276289
Түркиянын канаттуу ракетасы «Атмажа» бутаны таамай атты

Түркиянын алгачкы деңиз ракетасы «Атмажа» сыноо атуусунда бутаны таамай атты.

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын билдирүүсүндө, Деңиз күчтөрү командирлигинин Улуттук кеме (MİLGEM) платформаларына жайгаштыруу максатында кемеден кемеге атылуучу канаттуу ракета муктаждыгын камсыздоо үчүн Суу бетинен багытталган октор долбоорунун жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Ушул алкакта өндүрүлгөн «Атмажа» канаттуу ракетанын акыркы сыноосунда бутанын ийгиликтүү атылгандыгы билдирилди.

Бул ракеталардын Рокетсан тарабынан, ал эми атууларды көзөмөлдөө системалары менен берки шаймандардын болсо Аселсан тарабынан жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылгандыгы билдирилген маалыматта, Атмажаларды MİLGEMге кошуп деңиздеги үстөмдүктүн арттырыла тургандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар