Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ТКТРнын президенти Мустафа Акынжы менен жолугушту

Жолугушууда Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасына карата колдоосу баса белгиленип жана акыркы мезгилде аймакта болгон абалдардын каралды.

1275566
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ТКТРнын президенти Мустафа Акынжы менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы тарабынан кабыл алынды.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74 -  сессиясынын жыйындарынын негизинде АКШнын Нью  - Йорк шаарында жолугушууларын улантып жаткан Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Акынжы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасына карата колдоосу баса белгиленип жана акыркы мезгилде аймакта болгон абалдардын каралгандыгы билдирилди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу БУУдагы жолугушууларынын негизинде Марокконун тышкы иштер минитри Нассер Борита, Судандын тышкы иштер министри Эсма Мухаммед Абдуллах жана Гвинея-Бисаунун тышкы иштер министри Сюзи Карла Барбоза менен өз өзүнчө жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар