Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Арменияны айыптады

Ислам Кызматташтык Уюмунун Армениянын Азербайжанга карата кол салуусу тууралуу байланыш тобунун жыйынында Армения айыпталды.

1275037
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Арменияны айыптады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Армениянын Азербайжанга карата мыйзам тышы кылган мамилесин дагы бир жолу айыптады.

Мевлүт Чавушоглу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74 -  сессиясында Ислам Кызматташтык Уюмунун Армениянын Азербайжанга карата кол салуусу тууралуу байланыш тобунун жыйынында Армениянын мыйзам тышы мамилесин айыпташкандарын белгиледи. Жыйындан кийин твиттерден маалымат берген Чавушоглу : «Ислам Кызматташтык Уюмунун Армениянын Азербайжанга каршы кол салуусу тууралуу байланыш тобунун жыйынында Армениянын мыйзам тышы мамилесин дагы бир жолу айыптадык. Байланыш тобунун акылуу доосунун Азербайжанга колдоо берүү үчүн маанилүү экендигин баса белгиледик»,- деди.



Тектеш кабарлар