Эрдоган АКШда...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, БУУнун жыйналышына катышуу үчүн АКШга барды.

1273893
Эрдоган АКШда...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 74-жыйынына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды.

Президент Эрдоганды JFK аэропортунда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү,элчи Ферудин Синирлиоглу, Түркиянын Америкадагы элчиси Сердар Кылыч жана берки жооптуу кызматкерлер тосуп алышты.

Эрдоган менен бирге жубайы Эмине Эрдоган, казына жана каржы министри Берат Албайрак, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум, Соода министри Рухсар Пекжан, Президенттиктин коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын болуп барышты.

Президент Эрдоган Нью-Йоркто кала турган мейманканага келгенде ал жактагы атуулдар толкундануу менен жылуу тосуп алышты.

Эрдоган мейманканага кире бериште унаасынан түшүп атуулдар турган жерге барып алар менен учурашып өттү.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар