Кулптагы террордук кол салуу боюнча 5 киши камоого алынды

Тергөөнүн натыйжасында райондук коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү тобу тарабынан бир адресте жүргүзүлгөн операцияда кармоо чечими чыгарылган бир аял камоого алынды.

1270904
Кулптагы террордук кол салуу боюнча 5 киши камоого алынды

 Диярбакырдын Кулп районундагы террордук кол салуу тууралуу 5 киши камалды.

Диярбакырдын Кулп районуна караштуу Агачкорур айылында 12 -  сентябрда отун чогултууга барган кишилер болгон унаага ПКК жикчил террордук уюмдун террористтери тарабынан жасалган жана 7 киши шейит болуп, 10 киши жараланган кол салуу тууралуу тергөө улантылууда.

Тергөөнүн натыйжасында райондук коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү тобу тарабынан бир адресте жүргүзүлгөн операцияда кармоо чечими чыгарылган бир аял камоого алынды.

Кармалган аял менен бирге андан мурда камоого алынган Элдердин демократиясы партиясы HDPтин  Кулп муниципалитет башчысы Мехмет Фатих Таш, HDP райондук башчысы Абидин Караман, Кулп муниципалитетинин илимий иштер боюнча директору Шенер Акташ жана Мехмет Эмин Ай коопсуздук директорлугундагы тергөөдөн кийин сотко өткөрүлдү. Прокуратуранын  талабы менен кезектеги жазык иштер боюнча сотко чыгарылган 5 шектүү да камалды.

Кулп муниципалитетине таандык бир унаанын кол салуу болгон жерде жарылуудан кыска убакыт мурда болгондугу жана күбөлөрдүн билдирүүсү боюнча окуядан кийин полиция топтру тарабынан Кулп муниципалитети менен HDP Кулп райондук башкармалыгында жүргүзүлгөн тинтүүдө камера көрүнүштөрү менен кээ бир документтер конфискацияланган.



Тектеш кабарлар