Түркия Сауд Арабиядагы кол салууну айыптады

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндө билдирүүсүн жарыялады.

1269619
Түркия Сауд Арабиядагы кол салууну айыптады

Түркия, Сауд Арабиянын улуттук мунай зат компаниясы «Саудиялык Арамкого» таандык ишканаларга болгон кол салууларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында; «Сауд Арабиянын улуттук мунай зат фирмасы «Саудиялык Арамкого» таандык эки башка ишканага учкучсуз учуучу куралдуу аппарат менен кол салуу болгону билдирилген кол салууну айыптайбыз. Бул себеп менен аймакта жана Перс булуңунда коопсуздук жана ырааттуулукка зыян тийгизе турган ар түрдүү провокациялардан алыс туруунун маанисин дагы бир жолу баса белгилейбиз»,делди.

Сауд Арабиянын улуттук мунай зат фирмасы «Саудиялык Арамкого» таандык 2 ишканага кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө учкучсуз учуучу куралдуу аппарат менен кол салуу болуп өрт чыккан.

Каза болгон же жаракат алган эч ким болбогон кол салуу тууралуу кайсы бир тарап күнөөлөнбөсө дагы, Хусилер жазуу түрүндө маалымат берип кол салууну өздөрү уюштурганын айтып чыккан.

 



Тектеш кабарлар