Диярбакырда жарандарды ташыган унаага террордук кол салуу жасалды

Кол салууда 7 киши каза болуп, 10 киши жараланды.

1268752
Диярбакырда жарандарды ташыган унаага террордук кол салуу жасалды

Диярбакырдын Кулп районунун элетинде отун чогултуу үчүн барган кишилерди ташыган унаага ПКК террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 7 киши каза болуп, 10 киши жараланды. Жаралуулар Диярбакырдагы ооруканаларга алып барылды.

Кол салуудан кийин башталган териштирүүнүн негизинде окуя болгон жерде жарылуу болгондон кыска убакыт мурда муниципалитетке таандык унаанын болгондугу тууралуу берилген маалыматтар боюнча 4 киши тууралуу камоо чечими чыгарылды.

Коопсуздук директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн операцияда 4 шектүү кишиден Элдердин демократиялык партиясы HDPтин райондук төрагасы менен HDPтин Кулп муниципалитетинин илимий иштер директору камоого алынды. Калган эки шектүүнүн кармалышы үчүн операция улантылууда.

Кол салуудан кийин ПКК террористтерине карата башталган операция улантылууда.

Кол салууда каза болгон кишилердин жакындарына жана түрк калкына көңүл айтылды.

Президент Р. Т. Эрдоган кол салуудан кийин Диярбакыр губернатору Хасан Басри Гүзелоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүп террордук кол салуу тууралуу маалымат алды.

Террордук кол салууда каза болгон кишилер үчүн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалаган президент Эрдоган террордук кол салуунун аткаруучуларынын кармалышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдүн колдонуларын жана иликтешерин белгиледи. Эрдоган каза болгон кишилердин жакындарына телефон чалып көңүл айтты.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп болсо террордук кол салуу тууралуу твиттерден маалымат берди. Шентоп жарандарды бутага алган бул кандуу кол салуунун жоопсуз калбай тургандыгын белгиледи.

Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу да твиттерден берген малыматында Диярбакырда болгон террордук кол салууну айыптады.



Тектеш кабарлар